БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 19-майы № 10
“Ар түрдүү маселелер жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II- сессиясы, Базар-Коргон райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2021-жылдын 14-апрелиндеги №01-240сандуу катындагы санитардык көрсөтмөнү угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2021-жылдын 14-апрелиндеги №01-240сандуу катындагы санитардык көрсөтмөсү менен талап кылынган таза суу чыгаруучу жайлардын бузулган жерлеринде ремонт иштерин жүргүзүү, тегерегин тосуу,жылына эки жолудан ревизиядан өткөрүп туруу талабын аткарууга алуу үчүн Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде мүмкүнчүлүгүнө жараша экономдолгон акча каражатынан аткарууга алынсын.
2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, өнөр жай, курулуш, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Чолпонбаев. |