Редакцияот 19.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 19-майы № 11

“Муниципалдык жерлерди муниципалдык реестрге киргизүү жөнүндө”

Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагындагы муниципалдык жерлерди муниципалдык менчикке алуу жана реестрге киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан 0,10га жер тилкеси муниципалдык менчикке алынып, ресстрге киргизилсин.

2. Бул токтомду аткарууга алып, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Агрардык азык түлүк экология маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бешик-Жон айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А.Чолпонбаев