АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-марты № 2/4
Ала-Бука айыл аймагынын жарандарына материалдык жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Ден-соолугуна байланыштуу материалдык жардам сурап кайрылган төмөнкү жарандарга:
1) Достук айылынын тургуну Раджабаева Умида;
2) Көлмө участкасынын тургуну Аманов Абдиваит;
3) Сары-Талаа айылынын тургуну Маматкулова Замирабүгө
жалпысынан болуп 150,0 миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы А.Назаралиевге жүктөлсүн.
3. Материалдык жардам сурап кайрылган жарандардын турмуш-шарты менен жеринде танышуу айылдык кеңешинин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнун социалдык жактан коргоо иштери боюнча адисине милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |