Редакцияот 11.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 11-марты № 2/9

Ала-Бука айыл аймагында жер салыгынын төлөмдөрүнө жеңилдиктерди берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “ Салык Кодекси жөнүндө” 2008-жылдын 17-октябрындагы №231 мыйзамы менен колдонууга берилген Салык Кодексинин 344-беренесинин негизинде жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Ала-Бука айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башчысы С.Кудайбердиевдин билидирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

 

1. Жеңилдик берилген 0,15га жер аянтына чейин үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-огороддук тилкелерин пайдалангандык үчүн там арка салыгын жана жер салыгын төлөөдөн төмөнкү жарандарыбыздын бошотулуусуна макулдук берилсин:

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан I жана II топтогу майыптар;

- кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн, анын ичинде эрезеге жеткенге чейин;

- пенсиялык куракка жеткен жеке адамдар;

- 4 жана андан ашык эрезеге жете элек балдары бар жеке адамдар.

 

2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.