АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-марты № 2/10
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн кызматкерлерине эмгек акы кошуп төлөп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Эмгек Кодекси жөнүндө” 2004-жылдын 4-августундагы №106 мыйзамынын редакциясына ылайык Эмгек Кодексинин 115-статьясынын негизинде жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Ала-Бука айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башчысы С.Кудайбердиевдин билидирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Дем алыш жана жумуш эмес күндөрүндө иштегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 115-статьясынын негизинде айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн кызматкерлерине 150,0 миң сом өлчөмүндө эмге акысын кошуп төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |