Редакцияот 02.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 2-апрели № 3/1

Ала-Бука айыл аймагынын 2021-2023-жылдар аралыгындагы инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

Ала-Бука айыл аймагынын 2021-2023-жылдар аралыгындагы инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү программасын бекитүү боюнча Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Аскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:

 

1. Ала-Бука айыл аймагынын 2021-2023-жылдар аралыгындагы инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.

 

2. Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү программасынын иш-чаралар планын иштеп чыгуу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

А.Умаров