АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-апрели № 3/5
Ала-Бука райондук Өнүктүрүү фонддуна сунушталуучу долбоорду бекитүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Достук айылынын жаңы кичи футбол аянтчасынын долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Достук айылынын жаңы кичи футбол аянтчасынын долбоору Ала-Бука райондук Өнүктүрүү фонддуна сунушталсын.
2. Аталган долбоордун архитектуралык-пландоочу шарттарын (АПШ) даярдоо жана райондук Өнүктүрүү фонддуна тапшыруу айыл өкмөтүнүн курулуш боюнча башкы адиси Ш.Азимбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |