АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-августу № 4/4
Ала-Бука айыл аймакка караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмунун сантехникалык жумуштарына акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин 7-пунктунун негизинде Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 3112-беренесинде каралган 1000000 (бир миллион) сом акча каражаты 3111-беренесине которулcун.
2. Которулган акча каражаты Жоогазын мектепке чейинки билим берүү уюмунун сантехникалык жумуштарына иштетүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |