Редакцияот 04.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 4-августу № 4/5

Райондун аймагындагы жергиликтүү кеңештер арасында өтүүчү спорттук мелдешди өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасы А.Умаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Райондун аймагындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары арасында өткөрүлүп туруучу спорттук мелдештин ЖОБОСУ бекитилсин.

 

2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары арасында өткөрүлүүчү спорттук мелдешти сметанын негизинде өткөрүүгө макулдук берилсин.

 

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин социялдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.