Редакцияот 04.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 4-августу № 4/6

Ала-Бука айыл аймагына караштуу айылдарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 4-пунктунун негизинде жана айылдык кеңешинин финансы, бюджет, инвестиция жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 2-июлундагы отурумунун корутундусуна ылайык, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу айылдарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1640,0 (бир миллион алты жүз кырк миң) сом акча каражатына 1000 (миң) даана суу эсептегичтерин сатып алууга макулдук берилсин.

 

2. Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Назаралиевге жүктөлсүн.

 

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.