Редакцияот 04.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 4-августу № 4/7

Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин 6 айлык сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 10-беренесинин 9-пунктунун негизинде жана айылдык кеңешинин финансы, бюджет, инвестиция жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 2-июлундагы отурумунун корутундусуна ылайык, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Айыл өкмөтүнүн 6 айындагы бюджетинен иштетилбей калган 2211-беренсиндеги 75000 сом, 2212-беренсиндеги 22500 сом, 2215-беренсиндеги 700000 сом, 2218-беренсиндеги 2400000 сом жалпысы болуп 3197500 сом акча каражаты кыскартылып, 3111-беренесине кошуп берилсин.

 

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.