Редакцияот 10.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 10-ноябры № 11

Айылдык кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августу № 115 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана 2019-жылдын 8-августу № 118 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, айылдык кеңештин депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, дин маселелери, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 18-октябрындагы отурумунун №2 протоколунун негизинде айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Теплоключенка айылдык кеңешинин регламентине сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен бекитилсин.

2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын

 

Айылдык кеңештин төрагасы

А.И.Алмабеков