ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-ноябры № 13
Айыл өкмөтүнүн кошумча тизмегиндеги муниципалдык кызматтардын аталыштарын өзгөртүү жана тизмектен чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы №139 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 токтому менен бекитилген Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун негизинде айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгын карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн кошумча тизмегиндеги кээ бир муниципалдык кызматтарды (7, 10), (12, 17, 19, 22), (15, 18), (23, 24) бириктирип, тизмекке төмөндөгүдөй 4 (төрт) жаңы аталыштары менен бекитилсин:
7 | Спорт мелдештерге жана билим берүү олимпиадаларга кээ бир окуучулардын катышуусун каржылоо | Жаны аталышы: ““Билим берүү мекемелеринин сунушунун негизинде республикалык денгээлдеги билим берүү олимпиадаларга айылдын мектеп окучууларынын катышуусуна жана спорттук машыктыруучулардын сунушунун негизинде облустук, республикалык, эл аралык спорттук мелдештерге айылдын курама командаларынын катышуусуна командировкалык чыгымдарын каржылоо”” |
10 | Спорттук мелдештердин жана мектеп олимпиадаларынын катышуучуларынын транспорттук чыгымдарын каржылоо | |
12 | Жалгыз бой карыларды, майыптарды жана аз камсыз үй-бүлөлөрдү отун менен камсыз кылуу | Жаны аталышы: “Жалгыз бой кары адамдарды, аз камсыз үй-бүлөдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлугү чектелген адамдарды, 16 жашка чейинки беш баласы бар аз камсыз үй-бүлөлөрдү, көп балалуу жалгыз бой энелерди жана томолой жетим балдарды кышкы мезгилде отун менен камсыздоо” |
17 | Аз камсыз үй-бүлөөдөгү ден-соолугунун мүнкүнчүлүгү чектелген адамдарды кышкы мезгилге отун менен камсыздоо | |
19 | Жалгыз бой кары адамдарды, 16 жашка чейинки 5 баласы бар аз камсыз үй-бүлөөлөрдү жана жетим балдарды кышкы мезгилде отун менен камсыз кылуу | |
22 | Көп балалуу жалгыз бой энелерге кышкы мезгилге жыгач отун менен камсыздоо. | |
15 | 1 июнь, 9 май, афгандар, ЧАЭС, майыптар, карылар, энелер күндөрү жана аз камсыз үй-булөөдөгү, жетим, тоголок жетим балдарга жана карыларга жардам берүү, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жарандарды сактоо жана коргоо боюнча жардам көрсөтүү | Жаны аталышы: “Ооган, ЧАЭС, Баткен, 9-май, балдарды коргоо, майыптар, карылар, энелер күндөрүн жана башка даталуу кундөрдү белгилөө, материалдык жана баалуу сыйлыктар менен сыйлоо” |
18 | Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга майыптар күнүнө белектерди тапшыруу | |
23 | Тоголок жетим балдарга мектеп формасы менен камсыз кылуу | Жаны аталышы: “Томолой жетимдерге материалдык жардам көрсөтүү” |
24 | Томолой жетимдерге материалдык жардам көрсөтүү |
2. Айыл өкмөтүнүн кошумча тизмегиндеги төмөндөгү муниципалдык кызматтар чыгарылсын:
6 | Чарбадагы малдын саны жана түрү жөнүндөгү тактама (аныктама) | Тизмектен чыгаруу: КР ЖӨБО тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (4,5-п.) |
29 | Муниципалдык мүлктү менчикке, ижарага, акысыз пайдалунууга, башкарууга берүү | Тизмектен чыгаруу: КР ЖӨБО тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (8-п.) |
31 | Турак-жайга муктаж болгон жарандарды каттоо эсебине койуу | Тизмектен чыгаруу: КР ЖӨБО тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (9-п.) |
32 | Турак-жайды кайра курууну же кайра пландаштыруу жөнүндө макулдашылган документтерди берүү | Тизмектен чыгаруу: КР ЖӨБО тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (10-п.) |
33 | Турак-жайды турак эмес же турак эмес жайды турак жай деп чечимдерди берүү | Тизмектен чыгаруу: КР ЖӨБО тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (12-п, 13-п.) |
34 | Жер участогун менчикке, ижарага, акысыз түрдө мөөнөттүү пайдаланууга же туруктуу мөөнөтсүз пайдаланууга берүү | Тизмектен чыгаруу: КР ЖӨБО тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (11-п.) |
37 | Курулушка уруксат берүү; көчөлөргө, аянттарга аталыштарды ыйгаруу, ошондой эле үйлөрдү номерлештирүү белгилөө жөнүндө документтерди берүү | Тизмектен чыгаруу: КР ЖӨБО тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (1-п, 10-п.) |
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин. Аткарылышы айылдык кенештин жооптуу катчы Ж.А.Амантуровага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | А.И.Алмабеков |