Редакцияот 18.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кең-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII – чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

2022-жылдын 20-октябры № 1

Акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовдун башталгыч мектептин ашканасын куруу боюнча архитектуралык курулуш техникалык бүтүмүн алууга 40 000 сом акча каражатын бөлүп берүү тууралуу кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Кең-Арал айылдык кеңешинин VIII – чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн турак жай бөлүмүндөгү чыгашадан ашкан кирешеден ст.2215 Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүнү сатып алууга -40 000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Б. Токонов