Редакцияот 03.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы

2021-жылдын 3-августу № 3/5

Таштак айылындагы “Ак-Кеме 1” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жер аянты жөнүндө”

Барпы айылдык кеңеши күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы “АРИС”тин долбоору аркылуу жаңы курулуп бүткөрүлгөн 50 орундуу “Ак-Кеме 1” мектепке чейинки билим берүү мекемеси толук бүткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлуп берилгендиктен, бала бакчанын жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча сунушту угуп жана талкуулап. Барпы айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1. Барпы айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы муниципалдык менчиктеги курулуш астындагы 0,72га жер аянтынын ичинен “АРИС”тин долбоору аркылуу жаңы курулуп бүткөрүлгөн 50 орундуу “Ак-Кеме1” мектепке чейинки билим берүү мекемеси толук бүткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлуп берилгендиктен, бала бакчанын 0.42га жер аянтын каттоодон өткөрүүгө уруксат берилсин

 

2 Уруксат берилген 0,42га жер аянтын каттап, Мамлекеттик акты даярдап бүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филилынан суралсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Барпы айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

У.А.Абдыкулов