Редакцияот 03.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы

2021-жылдын 3-августу № 3/8

“2021-жылдын бюджетин өзгөртүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы Министрлиги тарабынан кирешелердин анык аткарулуусун эске алып, 2021-жылдын бекитилген пландарына кошумча план тапшырма жеткирилгендиги жөнүндө, финансы-экономика болумунун башчысы М.Кыргызбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши:

 

Токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы 6 айында кошумча түшкөн кирешелер эсебинен киреше салыгынын планы 707,4 миң сомго, лицензияны пайдалануудан салыктын планы 400,0 миң сомго жалпы киреше планы 1107,4 миң сомго көбөйтүлгөн.

 

2. Бюджеттин баланстуулугун сактоо максатында кошумча түшкөн кирешелер эсебинен Т.Темирбаев мектебинин отканасынын курулушуна жана Б.Алыкулов мектебинин тамак-аш азыктарын сактоосу жай курууга 70921 болумунун 3111 беренеси 836,0 миң сомго, Арууке балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна кошумча 70911 бөлүмүнүн 3111 беренеси 271,4 миң жалпы чыгаша планы 1107,4 миң сомго көбөйтүлсүн.

 

3. Айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша пландарына Бюжеттик Кодекске ылайык тактоолорду жүргүзүү жагы Экономика жана Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сайитбековко жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Кыргызбаевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Барпы айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

У.А.Абдыкулов.