БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 3-августу № 3/9
Барпы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бекитилген чыгаша пландарына өзгөртүүлөрдү киргизуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бекитилген чыгаша пландарына өзгөртүүлөрдү киргизуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сайитбековдун билдируусун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши:
Токтом кылат:
1. 2021-жылдын бекитилген чыгаша пландары белгилүү себептер менен аткарылбай жаткандыгына байланыштуу, билим берүү тармагында социалдык инфраструктураларга болгон муктаждыктарды эске алып бекитилген бюджеттин чыгаша бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2021-жылы короновирус илдетин алдын алуу, жайылтпоо үчүн пандемия учурунда балдар бакчаларында 50 % бала келип жаткандыгына байланыштуу 70911 бөлүмүнүн 2218 беренеси 550,3 миң сомго, Төбөй айылында АРИС долбоору менен таза суу түтүктөрү тартылып жаткандыктан, аталган айылдын Д.Кочкорбаев көчөсүнө тротуардын курулушу болбой калгандыгы үчүн жана айылдарга электр чубалгыларын сатып алуудан үнөмдөлгөн акча каражаты 70629 бөлүмүнүн 3111 беренеси 1325,0 мин сомго, сапар чыгымы 150,0 миң сом жалпы 2025,3 мин сомго азайтылып, М.Сариков мектебинин ажаатканасынын курулушуна 70921 бөлүмүнүн 3111 беренеси 375,3 миң сомго, Комсомол мектебинин жаны имаратынын оформлениесине 70921 бөлүмүнүн 2215 беренеси 400,0 миң сомго, мектептерге огнетущитель, класстын журнал сатып алууга 70921 бөлүмүнүн 2222 беренеси 149,3 миң сомго, Жаш-Канат балдар бакчасына электр плитасын алууга жана полун алмаштырууга 70911 бөлүмүнүн 3111 беренеси 290,0 миң сомго, 3112 беренеси 40,0 миң сомго, муниципиалдык менчиктеги жерлерди каттоо иш кагаздарын даярдоого жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине 1 даана компьютер, 1 даана тустуу принтер алуу үчүн 70111 бөлүмүнүн 2215 беренеси 230,7 миң сомго, 2222 беренеси 30,0 миң сомго, 3112 беренеси 55,0 миң сомго, өзгөчө кырдаалдарга 325,0 миң сом, Авган жана Баткен окуясынын катышуучуларына материалдык жардам 71092 бөлүмүнүн 2721 беренеси 70,0 миң сомго, Төбөй айылындагы көпүрөөнүн ремонтуна 70629 бөлүмүнүн 2221 беренеси 60,0 миң сомго жалпы чыгаша 2025,3 мин сомго көбөйтүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша пландарына Бюжеттик Кодекске ылайык тактоолорду жүргүзүү жагы Экономика жана Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сайибековко жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Кыргызбаевага жүктөлсүн.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У.А.Абдыкулов |