Редакцияот 03.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы

2021-жылдын 3-августу № 3/14

«Барпы айыл аймагындагы соода түйүндөрү жөнүндө”

Барпы айылдык кеңешинин жер жана суу чарба маселери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү М. Жамгырчиевдин жана Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековдун, Барпы айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын Барпы айыл аймагындагы соода түйүндөрүнүн айланасына санитардык нормалардын сакталышын күчөтүү боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап. Барпы айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1. Барпы айыл аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык соода түйүндөрүнүн алдына санитардык нормаларды так сактоо жана тазалыкты камсыз кылуу максатында таштанды таштоочу урналар соода жүргузгөн ишкерлер тарабына орнотулсун.

 

2. Соода түйүндөрүнун астына таштанды таштоочу урналарды орнотууну уюштуруу тиешелүү айыл башчыга жана айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Барпы айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

У.А.Абдыкулов