БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы
2021-жылдын 7-июну № 2/4
«Үлгү айылындагы мечит жөнүндө»
Барпы айыл аймагынын Үлгү айылындагы элдик мечитке эмгектин ардагери Гайып Ажынын ысмын коюу боюнча элдин кайрылуусун жана Барпы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуп карап чыгып, Барпы айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Барпы айыл аймагынын Үлгү айылындагы элдик мечитке эмгектин ардагери Гайып Ажынын ысмы ыйгарылсын, мындан ары Үлгү айылындагы элдик мечит Гайып Ажы атындагы мечит деп аталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У.А.Абдыкулов |