Редакцияот 07.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы

2021-жылдын 7-июну № 2/7

«Таштак айылындагы бала-бакча жөнүндө»

Барпы айыл аймагынын Таштак айылындагы АРИСтин айылды инвестициялоо долбоору-3 менен курулган балдар бакчасына Барпы колхозунун түптөлүшүнө, социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон, Барпы айылдык кеңешинин жана Сузак районунун бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты, коомдук ишмер, Калыева Зайна Мадалиевнанын ысмын коюу боюнча элдин кайрылуусун жана Барпы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуп карап чыгып, Барпы айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1. Барпы айыл аймагынын Таштак айылындагы АРИСтин айылды инвестициялоо долбоору-3 менен курулган балдар бакчасына Барпы колхозунун түптөлүшүнө, социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон, Барпы айылдык кеңешинин жана Сузак районунун бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты, коомдук ишмер, Калыева Зайна Мадалиевнанын ысмын ыйгарылсын жана мындан ары Таштак айылындагы балдар бакчасы Калыева Зайна атындагы балдар бакчасы деп аталсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Барпы айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

У.А.Абдыкулов