Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январы №176/31-5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫ

2022-жылдын 3-ноябры № 79/18-5

Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маянасына 30,0 пайыз өлчөмдөгү үстөк акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 25-октябрындагы №1-22/2197 кайрылусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык  комиссиясынын 2022-жылдын 27-октябрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын  жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маянасына 30,0 пайыз өлчөмдөгү үстөк акынын өлчөмү бекитилсин.

2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Т.М. Сансызбаев