БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
2021-жылдын 5-марты № 24/1
Барпы айылдык кенешинин депутаттарынын Этикалык Кодексин кабыл алуу жөнүндө”
Барпы айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана жоболоруна таянып, Барпы айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодексин толук талкуулоонун негизинде Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Барпы айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодекси кабыл алынсын (Кодекс тиркелет).
2. Барпы айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодексинин, так аткарылышын камсыз кылуу бардык депутаттардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын милдеттери экендиги белгиленсин.
3. Барпы айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодексин Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы: А. Салиевага тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу Барпы айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жана жоопту катчыга милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңештин төрагасы : |
У. А. Абдыкулов. |