БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
2021-жылдын 5-марты № 24/2
Байзаков жалпы билим берүү мектебинин эски имаратына бала бакча уюштуруу жөнүндө
Барпы айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», Мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана жоболоруна таянып, Барпы айылдык кеңешинин депутаттары Т.Байзаков жалпы билим берүү мектебинин эски имараты жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкулоонун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Барпы айылдык кеңешинин депутаттары Т.Байзаков жалпы билим берүү мектебинин эски имаратына бала бакча уюштурууну колдойт
2. Бул токтомду аткаруу Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: Ж.Абдыкадировко милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңештин төрагасы : |
У. А. Абдыкулов. |