Редакцияот 29.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Барпы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

2020-жылдын 29-сентябры № 20/8

Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХХ сессиясы күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын 11.09.2020-жылдагы чыгыш № 01-16/2129 сандуу сунушун угуп жана талкуулап. Барпы айылдык кеңеши

 

Токтом кылат.

 

1. Барпы айыл өкмөтүнүн Боз-Чычкан айылындагы 0,10га жер аянтын муниципалдык менчиктке каттап, спорт аянтча курууга уруксат берилсин.

 

2. Муниципалдык менчиктеги жер аянтына мамлекеттик акты даярдоо жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынан суралсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап кучүнө кирет.

 

Барпы айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

У . А. Абдыкулов