БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы
2021-жылдын 10-сентябры № 4/7
“Барпы айыл өкмөтүнүн 09.9.2021-жылдагы “Тазалык ” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү тууралуу № 1-16/837 сандуу сунушу жөнундө”
Барпы айыл өкмөтүнүн 09.9.2021-жылдагы “Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү тууралуу № 1-16/837 сандуу сунушу жөнундө Барпы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Иминовдун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн 09.9.2021-жылдагы “Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү тууралуу № 1-16/837 сандуу сунушу жөнундө Барпы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Иминовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Барпы айыл аймагына караштуу айылдардын ичүүчү таза сууларын көзөмөлдөө үчүн Барпы айыл өкмөтүнун башкаруусу алдында “Алтын-Булак” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Иминовго жүктөлсүн.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У .А.Абдыкулов |