БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы
2021-жылдын 10-сентябры № 4/5
“ Жер аянтынан убактылуу иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө”
Барпы айылдык кеңешинин Инвестиция тартуу жана көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н. Назаралиевдин билдирүүсүн жана “Нур-Көмүр” ЖЧКнын жетекчиси Х. Шамсулланын кайрылуусун угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнун Боз-Чычкан айылынын Порду участкасындагы таш карьеринен Гипс кен байлыктарын иштетүүгө 2 (эки) жылдык мөөнөт менен жергиликтүү калкка жана экологияга зыянын тийгизбегендей шартта, жергиликтүү калктан жумушчу алып убактылуу иштетүүгө 10,9 га жер аянты ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2. Таш алууга уруксат берилген жер аянтынын тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У .А.Абдыкулов |