Редакцияот 10.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы

2021-жылдын 10-сентябры № 4/4

“ Жер аянтынан таш алууга уруксат берүү жөнүндө”

Барпы айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Жамгырчиевдин билдирүүсүн жана Кыргыз Республикасынын ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун директору А. Джумашевдин 17.08.2021-жылдагы № 257 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши токтом кылат

 

ТОКТОМ

 

1. Барпы айыл өкмөтүнун Боз-Чычкан айылынын Порду участкасындагы таш карьеринен Боз-Чычкан айылындагы Чангет-Сай дарыясынын жээгин бекемдөө максатында 3000куб таш алууга уруксат берилсин.

 

2. Таш алууга уруксат берилген жер аянтынын тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Барпы айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

У .А.Абдыкулов