БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы
2021-жылдын 10-сентябры № 4/1
“Айыл аймагынын аксакалдар сотторунун ишинин регламенти жөнүндө”
«Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин типтүү регламентинин негизинде иштелип чыккан «Барпы айыл аймагынын аксакалдар сотторунун ишинин регламентин талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине ылайык Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл аймагынын аксакалдар сотторунун ишинин регламенти бекитилсин.
2. Айыл аймагынын аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашырууда аксакалдар соттору регламентке көрсөтүлгөн талаптарын сакташсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У .А.Абдыкулов |