Редакцияот 06.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2021-жылдын 6-октябры № 30/6-1

Чолпон-Ата шаарынын бала бакчаларына ата-энелерден түшүүчү төлөмдөр жөнүндө

Мектепке чейинки бала бакчасындагы балдардын тамак-ашынын коллориясын жогорулатуу, туура тамактанышын камсыздоо максатында жана тамак-аш азык түлүгүнө болгон баалардын кымбатташына байланыштуу,Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2021-жылдын 20-сентябрындагы №01-1-40/809 Чолпон-Ата шаарынын мэри Б.Иманбеков жана шаардын бала бакчаларынын башчыларынын кайрылуу сунушунун негизинде Чолпон-Ата шаардык мэриясынын каржы бөлүмүнүн башчысы Д.Жаманакованын маалыматтын угуп, шаардык кеңештин «Бюджет жана финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 21-сентябрындагы отурумунун протоколун карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши,

 

Токтом кылат:

1. Чопон-Ата шаарынын бала бакчаларынын ата-энелерден түшүүчү төлөмдөрү 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап төмөндөгүдөй бекитилсин:

- ай сайын баардык топтун балдарына 1200 сом өлчөмүндө тарифи бекитилсин;

- бала бараган күндөрү эле эсептелинсин.

2. Чолпон-Ата шаарынын мэри Б.Иманбековго, каржы бөлүмүнүн башчысы Д.Жаманаковага жана бала бакчаларынын жетекчилерине ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы жүктөлсүн.

3. Массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук Юстиция башкармалыгына жиберилип бекитилгенден кийин Токтом күчүнө кирсин.

4. Токтомду көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңешинин «Бюджет жана финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Алымбаев