КАЖЫ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-сентябры № 16
Кажы-Сай айыл аймагынын жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кажы-Сай айыл аймагы тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Ушул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет (же токтомдо башка мөөнөттү көрсөтсө болот, мисалы, "расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин").
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (айылдык аймактын, шаардын, райондун, облустун аймагында кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталуучу тиешелүү басылмаларда; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында).
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдү Кажы-Сай айыл өкмөт башчысы Ч.Б.Байгазиева жүргүзсүн.
Кеңештин төрагасы | Жусупбек уулу Жаныбек |