Редакцияот 04.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бостери айылдык кеңешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 4-июну № 03

Мечит куруу багытындагы жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31- беренесине, КР “Жер Кодексинин 22- статьясына жана КР “ Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бостери айылдык кеңешинин кезектеги XXIX чакырылышынын II сессиясынын күн тартибиндеги Бостери айылына мечит куруу багытындагы 2130м2 жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө 2021-жылдын 04-июнундагы №2 протоколунун негизинде Бостери айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Бостери айылындагы мечит куруу багытындагы 2130 м2 жер тилкесин Бостери айыл аймагынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткаруу жагын Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Транспорт-курулуш, байланыш, өнөр жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине милдетендирилсин.

4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага

Э.Усубалиев