ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2021-жылдын 1-декабры № 30/8-2
Чолпон-Ата шаарынын ичинде жүргөн маршруттук каттамынын жол кире тарифине өзгөртүү киргизүү жана бекитип берүү жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2021-жылдын 17-ноябрындагы №01-1-40/1094 сунушу жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Чолпон-Ата ПАТП” ЖЧКсынын жазган кайрылуусун карап чыгып, шаардык кеңештин «Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясы» жана «Экология, көрктөндʏрʏ, жашылдандыруу, жер, транспорт байланышы, курулуш жана жеке ишкер боюнча» туруктуу комиссияларынын 2021-жылдын 18-ноябрындагы биргелешкен отурумунун протоколун карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Күйүчү майдын кымбатташын эске алып, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 26-июнундагы №28/12-6 Токтомунун 1 пунктуна өзгөртүү киргизилсин.
2. ПМК-Чолпон-Ата-Бостери каттамында жүргөн маршруттук каттамынын жол кире тарифи 2021-жылдын 10-декабрынан баштап төмөндөгүдөй бекитилсин.
- 1 адамга ПМК- Чолпон-Ата- Бостери-15-00 сом;
- 7 жашка чейинки балдарга бекер;
- Калктын жеңилдикке муктаж катмары болуп эсептелген жарандарга пенсионерлерге, майптарга (күбөлүгүнүн негизинде)-10-00сом
- Мектеп окуучуларына ПМК-Чолпон-Ата-Бостери-10-00сом.
- Маршруттук каттамды 2 кичи районунун мектеп окуучуларын ташуу үчүн иш күндөрү 7-30 жана 17-00 үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн.
3. “Чолпон-Ата ПАТП” ЖЧКсынын жетекчиси О.Н.Титовго ар бир айдоочунун салонунун ичине тариф, схема, айдоочунун аты жөнү, санитардык норма жана этика эрежелери жөнүндө жарыяны илдирүү жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин «Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясы» жана «Экология, көрктөндʏрʏ, жашылдандыруу, жер, транспорт байланышы, курулуш жана жеке ишкер боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Алымбаев |