БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 19-ноябры № 03
Жайыт комитетинин курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мызамына ылайык, Бостери айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жыйынынын 16.08.2021-ж № 1 протоколунун жана Бостери айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-октябрындагы № 01-31а/500 маалымат катынын негизинде Бостери айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагынынын жайыт комитетинин курамы кошумча алымчасы менен №1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жайыт комитетинин төрагасы болуп Тукеев Жолдошбек шайлансын.
2. Жайыт комитетинин курамындагы адистер иштен кеткен учурда, анын ордуна келген кызматкер тикелей түрдө мүчө болуп саналсын.
3. Жайыт комитетине тиешелүү инвентарларды жана иш кагаздарын кабыл алуу боюнча комиссия түзүлүп, актынын негизинде өткөрүп алынсын.
4. Айыл аймагындагы жайыт комитети өз иш аракеттерин жайыт пайдалануучулар менен Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына жана айыл өкмөтүнүн “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна” ылайык иш алып барышсын.
5. Бостери айыл аймагындагы жайыт комитетинин мурдагы курамы жокко чыгарылсын.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы жайыт комитетинин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Сопуевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.Усубалиев |
Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын ХХIX чакырылышынын VI сессиясынын № 03 токтомуна тиркеме №1 |
Бостери айыл аймагындагы жайыт комитетинин
курамы
1. Тукеев Жолошбек -жайыт комитетинин төрагасы;
2. Тарпанбаев А.М–айыл өкмөт башчысынын орун басары;
3. Жумакадыров У.Ж –айылдык кеңештин депутаты;
4. Дөөлөтбаков М.Б –айылдык кеңештин депутаты;
5. Мусабаев М-Бактуу Долоноту айылынын башчысы;
6. Акматов Ф –айыл өкмөттун жер адиси
7. Кодонтаев Азат-жеке фермер
8. Молдогазиев Улар-жеке фермер;
9. Итибаев Кубан-жеке фермер;
10. Ибраев Руслан-жеке фермер;
11. Төлөндиев Орозгул-чабан;
12. Жабуев Олжобай-жеке фермер;
13. Жакыпбеков Нурбек-жеке фермер;
14. Саламат уулу Улук – ветеринардык адис;
15. Токтосунов К-жеке фермер