Редакцияот 15.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышы

 

2022-жылдын 15-марты № 3/9

Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 бер. 1 б. жетекчилике алып, Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча байкармалыгынын 2021жылдын 24-январындагы №05-22Д Архитектуралык-техникалы корутундусунун жана айыл чарба, жер жана өнөр жай маселелери, кыймылсыз мүлк жана транспорт мыйзамдары боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2022жылдын 15-мартындагы №2 протоколунун негизинде, Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевдин, Сокулук айылындагы Больничная №5 көчөсүндөгү короо жай алдындагы жер тилкесинин максаттык багытын медициналик борбор курууга өзгөртүү жөнүндө жеке менчик ээси Н.М. Апсаматованын арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.  Сокулук айылындагы Больничная №5 көчөсүндө жайгашкан,  жалпы аянты 834,5,0кв.м. “короо жай алдындагы, калктуу конуштар жер тилкесинен”медициналык борбор курууга максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берет.

2.  Жеке менчик ээси Н.М. Апсаматова тарабынан санитардык-экологиялык, архитектуралык-техникалык, өрт өчүрүүчү жана коопсуздук нормалар сакталсын.

3.  Медициналык борбор тарабынан, Крупская атындагы айыл аймагынын тургундарына медициналик тейлөөдө 50% жеңилдетүү берилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевге жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

М.Р. Акчалов