Редакцияот 23.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 23-апрели № 191

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесинде:

- 79-сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

79

3002 20 000

Адамдар үчүн вакциналар

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев