Редакцияот 30.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2021-жылдын 30-сентябры № 2

Жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:

 

1. Сакалды айылынын Кормоцех участкасынын жаңы конушуна 10 квА электр чубалгыларын тартуу үчүн Сакалды айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен 400 000 (Төрт жүз миң) сом акча каражатын берүүнүн мыйзамдулуугун, мыйзамдуу жагын карап которуусун Сакалды айыл өкмөт башчысы А.Осмоновго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Турганбаева милдеттендирилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюжет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ш.Масировго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Нишанбаев