КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги II I сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 3
« 11.05.2021-жылдагы II сессиянын №4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын
кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 11.05.2021-жылдагы II сессиянын №4 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктагы: – Корукчулар мингенге Сары-Талаанын чөбүнөн түшкөн кирешенин эсебинен 2 мингич ат сатып берүү; - деген сөз, - «бир мингич ат сатып берүү», деп оӊдолсун
- 2-пунктуна «Өздөрүнүн күнөөлөрүнүн негизинде»,- деген сөз кошулсун.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жагы жооптуу катчы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Секелеӊовко жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Ашырбековко тапшырылсын.
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Асыйбеков |