Редакцияот 30.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги II I сессиясы

2021-жылдын 30-июлу № 4

« Жайыт комитенин 6 айлык отчетун угуу жөнүндө»

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,

Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын

кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 6 (Алты) айлык отчету канааттандырылсын.

2. Кийинки 9 (Тогуз) айлыктын отчетунда Сузак районунан келген малдын саны жана малдан түшкөн акча каражаты, айыл өкмөтүнүн бюджетине турган 4 бука, домиктер боюнча толук маалымат берсин.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жагы жооптуу катчы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Секелеӊовко жана Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Көк-Ирим айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

К.Асыйбеков