КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VII сессиясы
2021-жылдын 6-октябры № 1
Жүзүмжан айылынан чыккан “Күйдүргү” ылаңы боюнча айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, малдарды толук эмдөөдөн өткөрүү жөнүндө
Аксы райондук ветеринардык жана фитосанитардык, коопсуздук боюнча башкармасынын башчысы Айтмырзаев Өмүрзак Отунбаевичтин “Күйдүргү” ылаңы боюнча маалыматын угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жүзүмжан айылынан чыккан “Күйдүргү” ылаңы боюнча Кара-Суу айылынын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мал-жандыктар толугу менен эмдөөдөн өткорүлсүн.
2. Мал-жандыктарды толук эмдөөдөн өткөрүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринариялык тейлөө боюнча жетектөөчү адиси Беккулиев Дөөлөтбекке милдеттендирилсин.
3. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы этканаларда союлуп сатылган малдардын эттерин, Аксы райондук ветеринардык жана фитосанитардык, коопсуздук боюнча башкармасынын атайын күбөлөндүрүлгөн тактамасынын негизинде сатылсын.
4. Өлгөн мал-жандыктардын эттерин айыл өкмөттүн мал чарба жана ветеринариялык тейлөө боюнча жетектөөчү адисинин көзөмөлүсүз кармоого, союуга жана кароосуз калтырууга тыюу салынсын.
5. Мал-жандыктарды эмдөөгө каршылык көрсөткөн тургундарга жана өлгөн малдарды кароосуз калтырган мал ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековго жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык кеңештин төрагасы: |
Т.Нарматов |