КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 19-ноябры № 8/2
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын № 1-12/672 07.09.2021-ж. кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Сары-Булак участкасында жайгашкан 45-46 эски Шахтанын такталган жер аянтын 0,77 га жер тилкесин муниципалдык реестрине бекитип берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Сары-Булак участкасында жайгашкан 45-46 эски Шахтанын такталган жер аянтын 0,77 га жер тилкеси муниципалдык реестрине бекитилип берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |