БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
2021-жылдын 14-октябры № 14
“Бел-Алды айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен кошумча бөлүнгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”
Бел-Алды айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен кошумча бөлүнгөн 1 500 000 ( бир миллион беш жүз миң ) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө ФЭБ башчысы Ж.Сартованын маалыматын угуп жана талкуулап , айылдык кеңештин экономика, план жана бюджетти кароо боюнча комиссиясынын кароосунун негизинде Бел -Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен кошумча бөлүнгөн 1 500 000 ( бир миллион беш жүз миң ) сом акча каражаты төмөндөгү беренелерге бөлүнсүн.
Мектептерге
- Көмүр орто мектептерге “22241100” беренесине - 235,0 миң сом
- Көмүр башталгыч мектепке “ 22241100” беренесине – 50,0 миң сом
- Электр энергия орто мектептерге “22311200” беренесине - 100,0 миң сом
- Электр энергия башталгыч мектепке “ 22311200” беренесине - 20,0 миң сом
- Ар кандай чыгымдар мектептерге “ 22154900” беренесине - 80,0 миң сом
Аппаратка
- Көмүргө “22241100” беренесине - 25,0 миң сом
- Электр энергияга “22311200” беренесине - 54,7 миң сом
- Сапардык чыгымга “2211” беренесине - 70,0 миң сом
- Жол оңдоо “3111” беренесине - 375,3 миң сом
- Күйүүчү майга “2214” беренесине - 60,0 миң сом
- Өздүк салымга “3111” беренесине - 130,0 миң сом
- Ар кандай чыгымдарга “2721” беренесине - 100,0 миң сом
- документ жасоого “22154900” беренесине - 200,0 миң сом
2. Бөлүнгөн акча каражатын жогорудагы беренелерге жумшоо жагы ФЭБ башчысы Ж.Сартовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
Бел-Алды айылдык кеңешинин төрагасы: |
Асанов.А.А. |