АК-ЧИЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 1-октябры № 12
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жѳнүндѳ
Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында Ак-Чий айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын министрлигинин Ысык-Кѳл облусунун юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (айылдык аймактын, шаардын, райондун, облустун аймагында кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталуучу тиешелүү басылмаларда; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, же Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында).
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдү айыл өкмөт башчысы Р.Д.Асакеев жүргүзсүн.
Тѳрайым | Э.К.Султанбаева |