АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 2
«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана жер айдоо, чɵп чабынды акылары жөнүндө»
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана жер айдоо, чɵп чабынды акылары боюнча жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акылары: 1 га кайракы айдоо жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 500 (беш жүз) сом, 1 га чөп чабынды жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 1000 (миӊ) сом, 1 га сугат жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 2500 (эки миӊ) сом болуп бекитилсин.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүүдө айыл өкмөтүнүн балансындагы тракторлору менен 1 га жер үчүн 3000 (үч миӊ) сом дың жерди айдоо келишим баада (соляркасы, маласы, айдоо акысы ичинде), айыл ичиндеги огороддорду айдоого 1 сотугуна 60 (алтымыш) бекитилсин. Менчик тракторлор менен келишим баада жүргүзүлсүн.
3. Чөп чабынды жерге 1 га жерди чаап гравилдɵɵ менен -2500 (эки миӊ) сомдон бекитилсин.
4. Талаачылыктагы буудай, май өсүмдүктөрүн кайтарууга сезонуна 500 сом, чөп чабынды, көп жылдык чөптү кайтарууга накталай акча менен 1 га жер үчүн 400 (төрт жүз) сом менен же андан ашпаган келишим баада бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн АКФнын жерлери үчүн ижара акылары Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жана аукцион менен берилсин. Аукциондун баштапкы баасы 1000 (миӊ) сом болуп бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атууларга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
8. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын
9. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Барпиев. |