Редакцияот 24.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы

2021-жылдын 24-марты № 3/2

«Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылынын тургуну Ж.Тынаевге акча каражатын кароо жɵнүндɵ”

Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылынын тургуну Ж.Тынаевдин Түркия мамлекетинде болуучу операциясына акча каражытын кароо жɵнүндɵ айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылынын тургуну Ж.Тынаевдин Түркия мамлекетинде болуучу операциясына 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатын которууга макулдук берилсин.

 

2. Акча каражатын мыйзам чегинде карап которуп берүү жагы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Мусабаевге милдеттендирилсин.

 

3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы финансы жана бюджет комитетинин тɵрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

С.Барпиев.