Редакцияот 24.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы

2021-жылдын 24-марты № 3/3

«КРнын 15-март 2021-жылдагы №32 мыйзамына негиз Тɵɵ-Басты, Мор-Булак, Кум-Булуң калктуу конуштарга берилген айыл статусуна байланыштуу айыл башчылардын эмгек акыларын кароо жɵнүндɵ”

КРнын 15-март 2021-жылдагы №32 мыйзамына негиз Тɵɵ-Басты, Мор-Булак, Кум-Булуң калктуу конуштарга берилген айыл статусуна байланыштуу айыл башчылардын эмгек акыларын кароо жɵнүндɵ айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. КРнын 15-март 2021-жылдагы №32 мыйзамына негиз айыл аймагындагы Тɵɵ-Басты, Мор-Булак, Кум-Булуң калктуу конуштары мындан ары айыл аймагында Тɵɵ-Басты, Мор-Булак, Кум-Булуң айылдары деп аталсын.

2. Жогорудагы аталган калктуу конуштарда азыркы мезгилге чейин иштеп келе жаткан тиешелүү айыл башчыларын бекитүү жана эмгек акысын мыйзам чегинде кароо жагы айыл ɵкмɵтүнүн милдетин аткаруучу С.Мамытовго жана ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Мусабаевге милдеттендирилсин.

3. Айыл башчыларынын кошумча эмгек акысын жана социалдык тɵлɵмдɵрүн тɵлɵɵ максатында башкаруу аппаратынан 321 000, 00 (үч жүз жыйырма бир) сом акча каражаты түрдүү чыгымдар беренесинен эмгек акы беренесине которууга макулдук берилсин.

4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы финансы жана бюджет комитетинин тɵрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

С.Барпиев.