АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы 5-сессиясы
2021-жылдын 3-сентябры № 5-2
Ак-Коргон айыл аймагына караштуу жайыт багытындагы жерлерден өнөр жай тармагында пайдалануу жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагына караштуу жайыт багытындагы жерлерден өнөр жай тармагында пайдаланып айыл өкмөттүн экономикасын индустуриялаштыруусун материалдык жактан өнүктүрүү максатында Ак-Коргон айыл кеңешинин 28-чакырылышынын кезектен тышкаркы 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагындагы жайыт багытындагы жерлерден өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси жана айыл башчыларга жерлерди аныктап кезектеги айылдык Кеңештин сессиясына сунуштоо милдеттендирилсин.
2. Тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Т.Отахоновго тапшырылсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Туманбаев. |