АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы 5-сессиясы
2021-жылдын 3-сентябры № 5-4
Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылындагы “Чолпон” МЧББнын жетекчисинин арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылындагы “Т.Жоробаев” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби жаңы имаратка көчүрүлгөндүгү себептүү алдынкы имараттын орду жана жер аянтын “Чолпон” МЧББ нын карамагына өткөрүп берүү максатында Ак-Коргон айыл кеңешинин 28-чакырылышынын кезектен тышкаркы 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылындагы “Т.Жоробаев” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 1995-жылы курулган 5 бөлмөлүү кошумча имараты жана жер аянты акт түзүү жолу менен “Чолпон” МЧББ нын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомго тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Туманбаев |