АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы
2021-жылдын 6-августу № 4-2
Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражаттарынын 2021-жылдын III–кварталынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражаттарынын 2021-жылдын III-кварталынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаев 2021-жылга бекитилген башкаруу аппаратынын 3111 турак-жай имараттары беренесинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизуу жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл кеңешинин 28-чакырылышынын кезекдеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражаттарынын 2021-жылдын III-кварталынын чыгаша бөлүгүнө 2021-жылга бекитилген сметасынын 3111-жай имараттары беренесинин 700 000 (жети жүз миң) сомду, башкаруу аппаратынын 2215 ар турдуу чыгымдар беренесине справка уводемления негизинде өзгөртүүлөр киргизилсин.(справка уведомление тиркелет).
2. Токтом www.akkorgon.com.kg веб сайтынажарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Туманбаев |