АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы
2021-жылдын 6-августу № 4-4
Ак-Коргон айыл аймагында жарандар арасында коомдук тартипти сактоо жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагында жарандар арасындагы терс көрүнүштөрдүн жана кылмыштүүлүктүн алдын алуу максатында Ак-Коргон айыл кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагындагы алкоголдук ичимдиктер менен соода жүргүзүүчү дүкөндөрдө жайкы мезгилдерде саат 9:00 дөн 21:00 чейин жана кышкы мезгилдерде саат 9:00 дөн 19:00 чейин алкоголдук ичимдиктер сатууну дүкөн ээлери менен келишилген шарт менен чектөө киргизилсин.
2. Тиешелүү документтерди тактоо Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн юридикалык маселелер боюнча адиси Д.Стамбековго жүктөлсүн.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Туманбаев |