АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы
2021-жылдын 6-августу № 4-5
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен районуна караштуу Ак-Сай айыл аймагында жүргөн селдин кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү жөнүндө
Баткен областы Баткен районуна караштуу Ак-Сай айыл өкмөтүндө 2021-жылдын июль айында жүргөн селдин кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү максатында Ак-Коргон айыл кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтү тарабынан Баткен облусунын Баткен районуна караштуу Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү селдин кесепеттерин жоюу үчүн 30 000 (отүз миң) сом акча каражаты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Туманбаев |